Печать
Категория: Коом
Просмотров: 312

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жогорку кызматтагы адамдардын мамлекетке чыккынчылык кылуу фактысы боюнча кылмыш иши тергелип жатат.

Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, 2023-жылдын 2-сентябрында Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы М.А.К. (ред. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич) кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 323- беренеси (Мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айып коюлду.

Буга чейин Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалып алынган.

Тергөө иштери улантылууда.