Печать
Категория: Коом
Просмотров: 283

Кыргызстандын Улуттук банкы улуттук валюта - сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин30 жылдыгына арналган «Сом – Кыргызстандын жүзү» темасында эссе жазуу боюнча республикалык сынак жарыялайт. Ага 12-15 жаш курактагы балдар катыша алат.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер 2023-жылдын 1-сентябрынан 1-октябрына чейинки мезгилде төмөнкү дарек боюнча онлайн-өтүнмө толтуруп, сынакка деген эмгектерин Улуттук банктын кызматкерлеринин электрондук почтасына жөнөтүүсү зарыл.

Сынак боюнча эмгектерди баалоонун негизги критерийлери:

• теманы ачуу;
• логикалык жана ырааттуу ой жүгүртүү;
• кошумча материалдарды колдонуу;
• тыянак.

Жеңүүчүлөр 2023-жылдын 24-октябрында жарыяланат.