Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1182

31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарында Көк-Бөрү оюну өткөрүлгөн. Оюн маалында күйөрмандар ызы-чуу салып, калыстардын чечимине нааразычылык билдиришкен. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коомчулукка кайрылып, оюндан кийинки ызы чуу чыгарып, провокация жасагандар сөзсүз мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертти.

“Ош шаарындагы  Төлөйкан ипподромундагы окуялар боюнча  кайрылуу айтып кетейин дедим.

Ошол жерде жосунсуз  жоруктар катталды. Кыргызыбыздын  Көк-Бөрү оюнун көрүүгө өтө көп  адам чогулгандыктан, эки команданын спорттук  мелдешин чырга айландырышып, ошол жерде  анча-мынча адамдардын  туура эмес кылыктарынан көпчүлүк  адамдар эмоцияга берилип, ачууга, кызуулукка  алдырышып, тополоңго барганга аракет кылышты. Бирок айтып коюшум керек,  кыргыз эли ынтымактуу болуп, элибиздин, журтубуздун мамлекетибиздин  тычтыгын сактаганга ар бирибиз милдеттүүбүз.  Бул деген спорт, оюн. Ким утат, ким утулат - ал ошон үчүн спорт. Бул жаатта бир адам утат, бир адам утулат,  утулганы ачууга алдырбаш керек. Ошондуктан  жакшылап даярданышы керек, утканга да, утулганына да ыраазы болушу керек.  Ал эми ошол жерде жасалган провокаторлордун жасаган иштери боюнча укук коргоо органдарына тапшырманы бердим.  Коопсуздук, укук коргоо органдары  ошол жердеги бардык видеолорду, фактыларды топтошуп,  кимдер ушул окуяны баштаган,  кимдер себепкер болгону такталып, мыйзам чегинде ар бирине чара көрүлөт. Бул ушул боюнча калып кетпейт,” – деди Камчыбек Ташиев.

Ал кыргызстандыктарды ынтымакка, биримдикке, сабырдуулукка чакырды.