Печать
Категория: Коом
Просмотров: 67

Бүгүн, 31-августта, Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун этегиндеги Алымбек Датка атындагы реконструкцияланган жана көрктөндүрүлгөн сейил багында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун көтөрүү салтанаттуу аземи болуп өттү. 

Кыргыз Республикасынын Президенти, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан элин майрамы менен куттуктады.

"Кылымдарды карытып келген улуу кыргыз журтчулугун Эгемендик күнү менен Кыргызстандын экинчи борбору атыккан, Сулайман тоосу, Ак-Буура дарыясы менен белгилүү болгон кадимки Улуу Жибек жолунун боюндагы кереметтүү Ош шаарынан куттуктап, сыймыктанып турам. 

Баарыңыздарды Көз карандысыздык майрамы менен чын дилимден куттуктаймын! Ылайым, түндүгүн күн нуру чайыган кызыл желегибиз ар дайым желбиреп турсун, туубуз жыгылбасын, асманыбыз ачык, жергебизде тынчтык болсун! Майрамыбыз кут болсун!

Эркиндиктин, азаттыктын добушун жаңырткан Эгемендик менен кызыл байрагыбыз бири-биринен ажырагыс бир бүтүндүктү туюндурат. 30 кылымдан ашуун тарыхында ата-бабаларыбыз дал ушул эркиндиги, эгемендиги үчүн канын төгүп, жанын берип күрөшүп, улуу дөөлөттөрдү куруп, туусун бийик желбиретип, тарых барактарына “кыргыз” деген атты ташка тамга баскандай кылып калтырып кетишкен. 

Кылкылдаган кызыл туусу менен куп жарашкан Эгемендик бизге ыйык сезим болуп калыптанып, бул ыйыктык муундан муунга кан аркылуу өтүп, бүгүнкү күндө элибиз эркиндикти сүйгөн, калыстыкты туу туткан эл экенин эчен ирет далилдеди. Мына ошол эгемендигибиздин эн белгиси болгон кызыл байрагыбыз ата-бабаларыбыздын аманатын, келечек муун алдындагы милдеттерибизди ар дайым эскертип, каныбызды дүргүтүп, көөдөнүбүзгө дем-күч берип келет. Ошондуктан бүгүнкү күндө мекенчилмин деген ар бир кыргызстандык атуул өлкөбүздүн көз карандысыздыгын, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, эли-журтубуздун ынтымагын коргоону ыйык милдет деп санайт.

Өткөн жылы улустун улуу күнү болгон Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар дубанда өткөрүүнү ниет кылып, берекелүү Чүй боорундагы айтылуу Чуңкурчак жайлоосуна туу көтөргөн элек. Быйыл болсо мындай сыймыктуу иш 3000 жылдан ашуун тарыхы бар, Фергана өрөөнү жана жалпы эле Борбор Азиядагы байыркы шаарлардын катарында турган ордолуу Ош шаарында, касиеттүү Сулайман тоонун астанасында жүз берип берип олтурат. 

Кудай буюрса, өлкө биримдигин чыңдоого багытталган бул иш-чара аркылуу эгемендигибизди даңктап-даңазалоону жакшы салтка, мыкты саамалыкка айлантып олтурабыз.

Табият менен таттуу мамиледе жашап келген кыргыз эли насилинде аскар тоолорду эңсейт, бийиктикти самайт, улуулукка таазим кылат. Ошондуктан кыргыз эли кылымдар бою Ала-Тоосун мекендеп, аны көздүн карегиндей сактап келе жатса, кээде Ала-Тообуз бизди сактап келе жаткандай туюлат. 

Бүгүн биз байыркы мезгилдерден азыркы күнүбүзгө чейин мамлекеттин эгемендигинин эн тамгасына айланган кызыл туубузду дал ушул улуулукту, бийиктикти символдоштурган Сулайман тоонун астанасына 60 метр бийиктикке көкөлөтүп жатабыз. 

Бир туунун астына башын бириктирген биримдиктүү элибиздин келечеги кең болсун! Байрагын бийик желбиретип, ынтымагын арттырып, өнүгүүгө бет алган калың журтка айланалы!", - деди мамлекет башчы.