30-августта кезектеги гуманитардык миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан лагерде турушкан Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча "Айкөл" иш-чарасы өткөрүлгөнүн КР ТИМ билдирди.
Маалыматка караганда, Сириядан Кыргызстанга атайын учак менен 31 аял жана 64 жаш бала алынып келинди. Алар Кыргызстандын жарандары.
Кыргыз Республикасынын жарандарын Сириядан репатриациялоонун экинчи этабынын ийгиликтүү ишке ашыруу тышкы саясат, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана укук коргоо органдарынын макулдашылган өз ара аракеттенүүлөрүнүн жыйынтыгында ишке ашты.
Кыргыз тарап АКШнын өкмөтүнө бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар тараптуу жардам жана материалдык-техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине өзгөчө ыраазычылык билдирет.
Аны менен катар Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын делегациясы аталган миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жашаган калктын муктаждыктары үчүн керектүү дары-дармектерди жеткирип, гуманитардык жардам көрсөттү.