Кечээ, 29-августта Ош шаарында жайгашкан Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо президенттин кубогунун алкагында ордо оюну боюнча беттештер башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдештер 31-август - Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына арналган.
Мелдешке жалпы Бишкек шаары, Ысык-Көл, Талас, Чүй, Ош, Ош шаары, Жалал-Абад облусунан жана Тажикстандан келген командалар катышып жатат. Финалдык беттештер 31-августта өтөт.