Печать
Категория: Коом
Просмотров: 64

Мамлекеттик салык кызматы КР салык органдарынын кызматкерлери 2023-жылдын 31-августунда кадимки режимде иштешээрин эске салат. Андыктан, салык төлөөчүлөр ушул күнү мүлк салыгынын суммасын эсептөө боюнча консультация ала алышат. 

1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак үйлөргө, батирлерге, ошондой эле үй жанындагы, короо жай жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктайт.

Салыктарды каалаган банктын кассасынан, почта бөлүмүнөн, төлөм жана POS-терминалдардан, мобилдик жана Интернет-банкинг аркылуу, ошондой эле төлөм карталарын жана башка перифериялык түзүлүштөрдү колдонуу менен төлөөгө болот.