Печать
Категория: Коом
Просмотров: 567

Камчыбек Ташиев "Барселонанын" оюнчуларына президент Садыр Жапаров оңой-олтоң оюнчу эмес экенин айтып тамашалады.

“Биздин президентибиз өткөн жылы футболдук беттеште атактуу дарбазачы Ринат Дасаевдин дарбазасына 2 гол киргизген. Бул жагын дагы эстеп коюңуздар”,-деди ал.

Ал эми клубдун президенти Жоан Лапорта анын дарбазачылары катуу аракет жасаарын, оюнчуларына эми гол киргизиш кыйын болоорун айтты. Ошондой эле бул оюн кызыктуу болот деп белгиледи.

Эске салсак, "Барселона" клубунун тренери Жоан Лопарта баштаган оюнчулары Жалал-Абад шаарындагы "Барселона" футбол академиясынын ачылышына жана башка иш чараларга катышуу үчүн келди.