Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арыз жазганы белгилүү болду.
Бул маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы ырастап, иш сот өндүрүшүнө өткөнүн билдирди.
Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда, “Клооп” басылмасы жарыялаган материалдарында “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү жарыялары басымдуулук кылары” жазылган.
Прокуратуранын катында “Клоопко” карата 2021-жылы ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген айып менен сотко чейинки териштирүү жүргүзгөнү, буга байланыштуу экспертизалар дайындалганы да айтылды.
Прокуратуранын арызы боюнча “Клооп” комментарий бере элек.