Печать
Категория: Коом
Просмотров: 100

Өзгөн шаарында 75 орундуу заманбап бала бакча курулуп, пайдаланууга берилгенин президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Бала бакчанын ачуу аземине президенттин өкүлү Элчибек Жантаев катышып, билим берүүнүн баштапкы этабында балдарга заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле жергиликтүү тургундарды бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, бул мекеме келечек муундун билим алуу, ойноо жана өстүрүү үчүн эң сонун жайга айланат деген ишенимин билдирди.

Бала бакчанын курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланып, 25 млн 254 миң сом бөлүнгөн. Имарат эки кабаттуу, 19 бөлмөдөн турат.