Печать
Категория: Коом
Просмотров: 219

24-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин бөгөт чарасы каралды. Соттун чечимине ылайык, ал 23-октябрга чейин абакта калды.

Судья адвокаттардын отурумду ачык өткөрүү боюнча өтүнүчүн четке какты. Отурумга бир гана анын жубайын киргизүүгө уруксат берилди.

Шакир 23-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылып,  48 саатка камалган.

Ага бийликти басып алууга аракеттенген деген айып коюлганын ошол күнү анын адвокаты Бакытбек Автандил билдирген.

Атайын кызмат бул боюнча расмий маалымат бере элек.