Ички иштер министрлигине АКШ өкмөтү тарабынан берилген 26 ноутбук жана башка жабдууларды тапшыруу аземинде АКШ элчилигинин аймактык коопсуздук кызматкери Марк Ричардсон жана Ички иштер министрлигинин Финансылык жана экономикалык калсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Руслан Балманов катышты.
Бул жаңы ноутбуктар 31-июлдан 4-августка чейин Социалдык тармактарды иликтөө курсунда колдонулган, анда Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан келген 12 укук коргоо жана коопсуздук кызматкерлери социалдык тармактарда террористтик аракеттерди аныктоо, болтурбоо жана алдын алуу боюнча билим алышты.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин терроризмге каршы жардам көрсөтүү долбоору тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен макулдашуунун негизинде уюштурулган Социалдык тармактарды иликтөө курсу террористтер жана террористтик уюмдар өз аракеттери үчүн, анын ичинде жалдоо, пропаганданы жайылтуу жана иш-аракеттерди координациялоо үчүн социалдык медианы кантип колдонорун талкуулады.
Бул билимдер Кыргыз Республикасындагы терроризмди аныктоо, болтурбоо жана алдын алуу боюнча жергиликтүү укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине интеграцияланат. Мындан тышкары, катышуучулар социалдык медианы иликтөөдө колдонула турган глобалдык жеткиликтүү программалык камсыздоо менен тааныштырылды.
Курстун катышуучуларынын бири мындай деп белгиледи: «Курс социалдык тармактарды иликтөөгө жана маалымат чогултууга заманбап ыкмаларды киргизди. Бул билим биздин күнүмдүк ишибизде көңүл бурууну талап кылган көптөгөн аспектилерди ачты. Ар бир катышуучуга жаңы билимдерди практикада заматта колдонуу үчүн ноутбук берилгени абдан чоң таасир калтырды, анткени биз практикада, суроолорду берип, жаңы көндүмдөрдү жеринде сынай алдык».
Социалдык тармактарды иликтөө – август айында Кыргыз Республикасында өткөн эки курстун бири. АКШнын Мамлекеттик департаментинин антитеррордук жардам долбоору ошондой эле жергиликтүү укук коргоо жана коопсуздук кызматкерлери үчүн “Санариптик криминалистикалык иликтөөлөргө киришүү” курсун уюштурган.
***
1983-жылы түзүлгөн, Мамлекеттик департаменттин антитеррордук жардам программасы АКШ өкмөтүнүн чет элдик укук коргоо органдары үчүн терроризмге каршы окутуу жана жабдууларды камсыздоочу башкы долбоору болуп саналат. Терроризмге каршы жардам көрсөтүүнүн бардык программалары адам укуктарын урматтоого көмөктөшүүчү мыйзамдын үстөмдүгүнүн алкагында ишке ашырылат жана камтылган насаатчылар жана тренерлерди окутуу программалары сыяктуу мыкты тажрыйбалар аркылуу өзүн-өзү камсыз кылуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.