Печать
Категория: Коом
Просмотров: 2450


29-апрелде Караколдо Биринчи- вице-премьер министр Бабанов Өмүрбек Токтогуловичти колдоо кыймылынын өкүлдөрү Ысык-Көл областынын жашоочуларынын атынан областтын губернатору Нурлан Абдылдаев менен жолугушуу өткөрүштү.


Бул жыйынга кыймылдын 40тан ашуун мүчөлөрү катышып, Алмазбек Атамбаев башкарган өкмөт жүргүзүп жаткан азыркы оор кырдаалдан чыгып кетүү боюнча саясатын толук колдойбуз жана кубаттайбыз деп, чыгып сүйлөшкөн Жети-Өгүз районунан мугалим Манапбаева Альбина, дыйкан Бейшекеев Алмаз, Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Дүйшөбаев Асанакун, Жумабаев Жанузак жана башкалар бардык саясатчыларды Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн ынтымакка, биримдикке келүүгө чакырышты. Өмүрбек Бабановду колдоп, парламенттик комиссия адилет чечим чыгарышын күтөбүз деп билдиришти. Кыргыз Республикасынын жогорку бийлигине Кайрылуусун губернаторго тапшырышты.


Кыргыз Республикасынын
Президенти
Отунбаева Роза Иcаковнага,

Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Келдибеков Акматбек Келдибековичке,

Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри
Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке

Кайрылуу

Биз, Жогорку Кеңешке шайлоолордун жыйынтыгында парламенттик көпчүлүк түзүлүп, коалициялык өкмөт ишке киришип, өлкөдө стабилдүүлүк орноп, жыл башынан бери алгылыктуу иштер жасалып жаткандыгына күбө болуп жатабыз. Бул багытта ар бириңиздердин салымыңыздар бар жана мамлекетти өркүндөтүүдө Сиздерге ийгилик каалайбыз.


Биз мурунку башпрокурор Кубатбек Байболовдун билдирүүсүн парламенттик комиссия текшерип чыксын деп, убактылуу иштен чегинген Биринчи вице премьер -министр Өмүрбек Бабановдун Премьер-министрге жана парламент спикерине кайрылуусун толук кубаттайбыз. Комиссиянын ишинин жыйынтыгында сиздердин наамыңыздарга айтылган божомол айыптоолорго да баа берилет деп ишенебиз. Ошондуктан парламенттик комиссиядан бардык айыптоолордун чын-төгүнүнө чыгууга чукул иштөөсүн талап кылабыз. Ошол эле учурда мурунку башпрокурор Кубатбек Байболовдун үй-бүлөсүнүн бизнесинин кызыкчылыгында кызматтык абалын пайдаланганы боюнча да баа берилишине ишенебиз.


Ысык-Көл областындагы Өмүрбек Бабановдун жактоочулары бүткүл республика боюнча аракеттеги аны колдогон кыймылдын түзүлүшүн колдойбуз жана комиссиянын ишине контроль кылабыз. Биздин эл жакшы билет, Бабанов Өмүрбек таза, чынчыл саясатчы жана ал элдин кызыкчылыгын барынан жогору коет. Ал өзүнүн жетишкендиктерин өз эмгеги менен тапкан. Убактылуу жумушунан чегинүү сунушу жана депутаттардан түзүлгөн комиссиянын иши аягына чыкканча тоскоолдук кылбай турайын дегени буга далил. Жыйынтыгында Өмүрбек Бабанов өз ишине эрте кайтып келишин талап кылабыз.


Ысык-Көл областынын эли өкмөттүн алгылыктуу иштерин жакшы билет. Салкындап кеткен коңшу мамлекеттер менен мамилелердин жолго коюлушу, криминалдын мойнун сындыруу, күйүүчү майларды ташып келүүдө пошлинанын алынып салынышынан 8-10 сомго чейин арзандашы, солярканын дыйкандарга тизме менен 25 сомдон берилиши, дыйкандарыбызга 9% кредит берилиши, коррупциялык аракеттерге бөгөт коюлуп "Мегаком" компаниясынан 850 млн. сом бюджетке түшүрүлүшү, врачтардын, мугалимдердин, маданият кызматкерлеринин май айынан айлык акыларынын кескин көбөйтүлүшү - кыска убакыттагы жасалган ийгиликтер. Ынтымак болуп, аракет күч болсо дагы да ийгиликтер болот.


Ошондуктан биздин Ысык-Көл областынын эмгекчилери бардык саясатчыларга кайрылаар элек. Азыркы А.Атамбаев башкарган Өкмөт жүргүзүп жаткан криминалга, коррупцияга каршы саясатын колдойбуз. 7-апрелде 87 азаматыбыз, түштүктө алааматта курман болгон мекендештерибиздин керезин жана үмүтүн актаганга бардык саясатчыларды биригүүгө чакырабыз. Бул багытта акыркы мезгилде коалициялык көпчүлүктү колдоп, ага кошулуп жаткан депутаттарды колдойбуз.


Биримдик жана Кыргызстандын келечеги үчүн эмгек кылуу - бардык саясатчылардын милдети болуу керек. Бул Ысык-Көл областынын элинин талабы:
Кол койгондор:
40 кишинин колу

 

"Асман пресс"