Печать
Категория: Коом
Просмотров: 113

Баткен шаарында Тажикстандын куралдуу кол салуусунда каза болгон ишкердин уулу 40 миң тоокко ылайыкталган ферма ачууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев Чет-Булак кварталында курулуп жаткан ишканадан кабар алды.

Ферма үчүн жабдуулар Түркиядан алып келинди, учурда ферманын курулушу, жабдууларын орнотуу иштери дээрлик аяктаган. Иш процесси заманбап технологиянын жардамы менен автоматташтырылган ыкмада жүрөт.

Ферма пайдаланууга берилсе күнүнө 35 миңге жакын жумуртка алынып, жалпы 15 жумушчу орун түзүлөт. Алдыда өндүрүлгөн продукция импорт жана экспортко чыгат.

Тоок ферманы куруу үчүн ишкер Адилет Абдувалиевге мамлекет тарабынан 30 млн сом жеңилдетилген насыя берилген.

Облус башчысы алгачкы автоматташтырылган ыкмада иштеген эң чоң ишкананын толук кандуу ишке кириши мамлекеттин көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Ишкер Адилет Абдувалиевдин атасы Матиса Надиров Баткен районунун Ак-Сай айылында алгачкылардан болуп тоок ферма ачып, Баткен аймагын жумуртка менен камсыздап турган. Ишкердин фермасы 2022-жылдын сентябрь айында чек арадагы куралдуу жаңжалда өрттөлүп, өзү каза болгон.

Атасынын ишкердигин кайра калыбына келтирүүнү максат кылган уулу Адилет Абдувалиев алты ай аралыгында жаңы ферманы түзүүгө жетишти.