Печать
Категория: Коом
Просмотров: 453

Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун Бостери айылындагы өлүмү боюнча ИИМдин Атайын багыттагы полкунун үч кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ билдирди.

Анда айтылгандай, Бостеридеги 23 жаштагы жарандын каза болгон фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жайкы туристтик мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш иши боюнча КР ИИМдин Атайын багыттагы полкунун милиционерлери К.У., Н.У., жана Э.А. кармалып, райондук милициянын УКЖга киргизилген.

Райондук соттун чечими менен аларга карата 2 айгакамака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Тергөө амалдары уланууда.