Печать
Категория: Коом
Просмотров: 428

Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын башчысы жана Кара-Суу айыл аймагынын башчысынын орун басары УКМК кызматкерине ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө болгон.

Белгиленгендей, 2023-жылдын 16-августунда Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын башчысы С.М.Т. жана Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын башчысынын орун басары М.К.С.  УКМК кызматкерине 125 миң сом пара берип жатканда кармалышкан. Алар акча берүү менен кылмыш жоопкерчилигинен качууну көздөшкөн.

Жогорудагы жарандар Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын аймагынан жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматты каттоо журналына катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган.

Ошол эле күнү кармалгандар Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда КР УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө байланыштуу башка адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.