Печать
Категория: Коом
Просмотров: 82

20-августта 27 жаштагы чечен активисти Мансур Мовлаев «Манас» аэропортунан кармалды. Бул тууралуу укук коргоочу Төлөкан Исмаилова соцтармактагы баракчасына жазды.

Ал Мансур Мовлаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген. Мовлаев Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровду сындаган. Чечен оппозициясы анын Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушуна жана саясий репрессияларга каршы чыкканын айтышууда. Активист сөз эркиндигинин бузулушу, күч түзүмдөрүнүн өзүм билемдиги жана аймактагы башка көйгөйлөр боюнча маселелерди көтөргөн.

2020-жылы ал 3 жылга эркинен ажыратылган. Оппозициянын айтымында, бул иш ойдон чыгарылган. 2022-жылы шарттуу түрдө бошотулуп, бирок Шали райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал жигит Орусиядан качып кетүүгө үлгүрүп, федералдык издөөгө алынган. 

Азырынча Кыргызстандын күч түзүмдөрү окуя боюнча маалымат берише элек.