Печать
Категория: Коом
Просмотров: 131

Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тилде жазылбаган көрнөк-жарнактар алынып жатканын аталган шаардын мэриясы билдирди. 

Кечээ, 17-августта мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова баштаган комиссиялык топ шаардагы мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактарга рейд уюштурду.

Рейд учурунда мамлекеттик тилде жазылбаган жарнамалар, кулактандыруулар менчигинин түрүнө карабай алынды.

Алдыда мындай текшерүүлөр Жалал-Абад шаарынын бардык аймактарында улантылат.

Кыргызстандын мамлекеттик тил жөнүндө Конституциялык мыйзамына ылайык, маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл болгон учурда башка тилдерде жол-жоболоштурулат.