Печать
Категория: Коом
Просмотров: 342

Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине кезектеги маегин берди. 

- Сиздин саясатыңызга каршы 5-6 сайт бар эмеспи. Жасалып жаткан жакшы иштерди деле жаман жакка бурмалап жазышат. Алар эмне үчүн сизге каршы? Айтайын дегеним сизге чейинки биликтегилерди мактап эле жазып жүрүшчү эле?

— Так кесе эле жооп берейин. Мурда ошолордун баары "Кумтөр", "Мегаком", аэропорттон акча алып турушкан. Мен бийликке келерим менен токтотуп койгом. Эмне үчүн жеке сайттарды мамлекеттик ишканалар багыш керек? Алды 20 миллион сом, арты 2-3 миллион сомдон жылына алышчу экен. Элдин, мамлекеттин акчасы эл үчүн иштеш керек деп кесип салгам. Ошол күндөн ушул күнгө чейин алардын баары мени жек көрүшөт. Ошол үчүн жакшылык иштерди көрүшсө дагы көргүлөрү келбейт. Мен аларга көңүл деле бурбайм.