Бишкек троллейбус башкармалыгы "Т" категориясы бар айдоочуларды өз жамаатына ишке чакырат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, жаңыдан троллейбус айдоочусу болууну каалагандар болсо, №20 кесиптик лицейде акысыз курстан өтө алат. Окуу мөөнөтү 6 айды түзөт.
Курсту аяктагандан кийин расмий ишке орноштурууга жана татыктуу эмгек акыга кепилдик берилет. Муктаж болгондор үчүн окуу жайда акысыз жатакана берилет.
№20 кесиптик лицей Бишкек шаары, Купянский көчөсү, 30 А дарегинде жайгашкан. Байланыш телефондору: 0550 220 173.