Печать
Категория: Коом
Просмотров: 73

Жогорку Кеңеш 7,8 млн сомго жаңы персоналдык компьютерлерди сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.

Анда талап кылынган техниканын саны көрсөтүлгөн эмес. Келишим түзүлгөндөн кийин жеткирүү 40 күндүн ичинде жүргүзүлүшү керектиги белгиленген.

Потенциалдуу жеткирүүчүлөр милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу бардык салыктарды жана жыйымдарды, пошлина жана башка чыгымдарды эске алуу менен бааларды көрсөтүшү керек.