Печать
Категория: Коом
Просмотров: 80

Милиционерлер пансионаттын кызматкерин көлгө чөгүп бараткан жеринен куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусундагы «Телтору» пансионатынын жетекчилиги милицияга түнкү саат 01:00 чамасында кайрылып, пансионатта иштеген кыз жок болуп жаткандыгын айткан. Ошол замат полктун кызматкерлери милициянын старшинасы Таласбек уулу Нурсултан жана милициянын старшинасы Юсуп уулу Мирлан эс алуучулардан сураштырып, кыз көл жээкти көздөй кетип бара жатканын такташкан. Кызматкерлер ыкчам көл жээгине барган учурда кыз көлгө чөгүп жатканын көрүшүп, кызды суудан алып чыгып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан соң Чолпон-Ата шаардык ооруканага алып барышкан.

Куткарылган жаран Нарын облусунун 1986-жылы туулган тургуну болгон.