Печать
Категория: Коом
Просмотров: 110

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жаңы төрөлгөн ымыркайдын ийни сынып кеткен окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан кызматтык иликтөө башталды.

Эске салсак, 13-августта дарыгерлер төрөттү кабыл алып жатканда ымыркайдын ийини сынып кеткенин, аны менен бирге мээсине кан куюлганын, учурда ымыркай жандандыруу бөлүмүндө жатканын атасы Аман Кыдыралиев маалымат каражаттарына билдирген.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул иштин чоо-жайын аныктоо колго алынаарын билдирди. 

Маалыматка караганда, ишти учурда атайын комиссия текшерип жатат. Милиция дагы өз алдынча текшерүүлөрдү жүргүзөт. Окуяга күнөөлүү медицина кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө аныкталган мыйзам бузуулар мыйзам чегинде катуу жазаланат. Учурда ымыркайга да, анын апасына да толук сакайып кетүү үчүн керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.