Печать
Категория: Коом
Просмотров: 375

УКМК Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышуу фактысы боюнча маалымат таратты. 

Анда айтылгандай, жүргүзүлгөн контрчалгындоо иш-чараларынын алкагында КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан Б.у.Б. аттуу КР жараны аныкталды.

Такталгандай, Б.у.Б. аттуу жаран 2022-жылдын 22-февралында Россияга иштөөгө барып, ал жакта кылмыш жасагандыгы үчүн  жоопкерчиликке тартылып, Россия Федерациясынын түзөтүү мекемелеринин биринде жаза өтөгөн. Кийинчерээк Б.у.Б. “Вагнер” жеке аскердик компаниясына кабыл алынган жана Украинанын аймагында согуштук тапшырмаларды аткарып жаткан аскер топторунун катарына келишимдик негизде кошулган.

2023-жылдын 1-августунда Б.у.Б. кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек “Кыргыз Республикасынын жараны чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышса же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтсө” мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.