Дагестандын борбору Махачкала шаарындагы май куйган жайлардын бириндеги жарылуудан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.
КР ТИМ Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүндө мекендештер менен ыкчам аракеттенүү жана өз ара тыгыз байланышта болуу үчүн «Ыкчам линия» телефондору иштеп жатканын эске салат: +7 (925) 115-50-47, +7 (925) 285- 50-47.
Махачкалада май куюучу жайда 14-августта кечинде катуу жарылуу болгон. Алгач автосервистин имараты өрттөнүп, өрт андан кийин май куюучу жайга жайылган. Өрттү өчүрүүгө төрт саат убакыт кеткен. Жарылуудан 35 адам каза болуп, жабыркагандардын саны 100гө жеткени айтылууда.