Печать
Категория: Коом
Просмотров: 69

Бишкек шаардык мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаменти социалдык автоунаа сатып алууга сынак жарыялайт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Маалыматка караганда, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана балдарга тез жардам көрсөтүү үчүн жалпы суммасы 8 млн 725 миң сомго төрт унаа сатып алуу пландалууда.

Унаалар борбор калаанын төрт районуна бөлүштүрүлөт.

Сынак тууралуу кеңири маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган.