Печать
Категория: Коом
Просмотров: 80

Кыргызстанга «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы тарабынан сатып алынган дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын алгачкы партиясы келе баштады. Эске салсак, 2023- жылдын июнь айында «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына дары-дармек сатып алуу үчүн 1 миллиард сом каражат бөлүнгөн.

Алсак, июль айында Улуттук фтизиатрия борборуна, Улуттук госпиталга, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, ошондой эле экинчи баскычтагы башка саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармектер келип түшкөн.

14-августта онкологиялык ооруларга каршы европалык өндүрүүчүлөрдөн 227 миллион сомго жакын суммага сатылып алынган химиотерапиялык дарылар өлкөгө келе баштады.

Мындан тышкары, өлкө неонаталдык скрининг үчүн, эрте аныктоо, өз убагында дарылоо, майыптуулуктун жана оор клиникалык кесепеттерди алдын алуу, ошондой эле тукум куума оорулардан балдардын өлүмүн азайтуу үчүн европалык өндүрүштөн алынган дарыларды алат.

Жеткирүү графигине ылайык, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жума сайын келүүсү күтүлүүдө.

Жогорку технологиялар фондунун өтүнмөлөрүнүн жана Саламаттык сактоо министрлигинин борборлоштурулган иш-чараларынын алкагында келишимдерди түзүү аяктоодо, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жеткирүү график боюнча жүргүзүлүүдө.

Аталган фонддордун жана түзүлгөн келишимдердин алкагында дары-дармек каражаттарын сатып алуу менен 250 миллион сомго жакын каражат үнөмдөлгөн.