Равшан Жээнбековдун жубайынын иши боюнча жеке адамдарга мыйзамсыз ижарага берилип кеткен кымбат баалуу жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызмат мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы тууралуу коомчулукка үзгүлтүксүз маалымат берип тураарын кабарлады.
Айта кетсек, УКМКнын басма сөз кызматы буга чейин Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаеванын Бишкек шаарындагы кымбат жана кирешелүү жер тилкелерин ири суммага ижарага берүү сынагын өткөрүүдөгү коррупция боюнча кармалышы тууралуу кеңири маалымат берип келген.
Буга чейин маалымдалгандай, С.Алимбаева жеке бизнес өкүлдөрүнүн ишенимине кирип, аларды мамлекеттик органдарда байланышы бар экенине ишендирип, жерди ижарага берүү боюнча тендерде жеңүүчү кылып, ал үчүн 500 миң АКШ долларын алган.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистема" мамлекеттик ишканасындагы байланыштары аркылуу С.Алимбаева жеке бизнестин өкүлдөрүнө Бишкек шаарындагы кымбат баалуу 2 жер участогун ижарага берүүдө мыйзамсыз аракеттерге барган.
Белгилей кетсек, бул иш боюнча С.Алимбаева менен бирге Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу «Инфосистема» мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери жана бул кылмышка тиешеси бар айрым жарандар да кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө көрүлгөн чаралар менен көрсөтүлгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылып, келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулуп, баасы экспертизанын корутундусуна ылайык 1 464 383 000 сомду түзгөн.
"Бул жагдайда социалдык тармактардын айрым колдонуучуларынын Р.Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу бул кылмыш ишинин саясий өңүтү бар делген, жалган маалымат тараткан божомолдору туура эместигин белгилейбиз.
Равшан Жээнбековдун азыркы Жазык-процесстик мыйзамдардын талаптарына ылайык жүргүзүлүп жаткан тергөөгө эч кандай тиешеси жок.
С.Алимбаеванын баш коргоо чарасы каралып, ден соолугуна байланыштуу камактан ушул жылдын 29-июлунда бошотулган.
Мындан улам УКМК дагы бир жолу интернетте тараган жогорудагы ушак-айыңдардын маанисиздигине көңүл буруп, бул кылмыш ишинин тергөөсү акыркы баскычта экенин билдирет", - деп билдирди атайын кызмат.