Тоң районунда адам өмүрүн алган ири жол кырсыгы катталганын Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктады.
Маалым болгондой, окуя 12-августтан 13-августка караган түнү болгон. Audi жана BMW үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышкан. Жол инспекторлору окуя болгон жерге барып, кырсыкты каттоого алышкан.
Буга чейин маалымат каражаттарында ири жол кырсыгы катталганы жазылган. Анда окуя сегиз адамдын, анын ичинде беш айлык жана 1,5 жаштагы эки баланын өмүрүн алганы айтылган. Алардан башка ар кандай жараат менен ооруканага жеткирилгендер бар.
Каза болгондор Нарын облусунун, Балыкчы шаарынын жана Тоң районундагы Көк-Мойнок айылынын жашоочулары болгон.