Ысык-Көлдөгү пляжда каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча 4 адам кармалганын ИИМ билдирди.
Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатынын пляжында Талас облусунун 23 жаштагы А.Б. аттуу тургуну 6-августта каза болгон. Анын өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин ар тараптуу жана объективдүү териштирүү максатында ИИМдин жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын көп жылдык эмгек стажы бар жана тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен турган атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн болчу.
8-августта Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан аталган окуя боюнча чогулган маалыматтардын негизинде бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, 122-берене ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.
Түзүлгөн атайын тергөө-ыкчам тобу тарабынан каза болгон жарандын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн көлөмдүү иликтөө иштери турмушка ашырылып, кошумча күбөлөр аныкталып, сурамжылоо жүргүзүлгөн. Өлүмдүн себебин аныктоо максатында кошумча соттук-медициналык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.
Андан тышкары 100дөн ашык жаран суралып, анын ичинен 44 күбө окуя боюнча көрсөтмө беришкен. Алардын берген көргөзмөлөрү боюнча тыкыр иликтөө иштери жүрүп, убактылары менен териштирүү жана салыштыруу иштери колго алынган. Натыйжада күбө катары суракка алынган жарандардын айрымдары жалган көрсөтмө беришкендиктен, учурда алардын аракеттерине укуктук баа берилүүдө.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 220-беренесинин (Атайын тергөө аракеттеринин түрлөрү) негизинде сотко атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтөр киргизилип, санкциялар алынды жана атайын тергөө аракеттери ишке ашырылды.