Печать
Категория: Коом
Просмотров: 281

Жалал-Абад шаарында 1,5 гектар жер аянтына жаңы асфальт-бетон чыгаруучу завод курулуп жатат. Бул аталган шаардын мэриясы билдирди.

Анда айтылгандай, аталган завод курулуп бүтсө саатына 80 тонна асфальт-бетон чыгарылат.

Учурда заводдун орду даярдалып, жабдыктары алынып келинди. Адистердин белгилөөсүндө жакынкы күндөрү заводду куруу жумуштары жүргүзүлүп, ушул жылдын сентябрь айында ишке киргизилет. Асфальт-бетон заводунун жанына атайын таш талкалоочу (драбилка) жабдык да орнотулат.

Завод республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен каржыланууда. Ага 53 млн 700 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал ишке кирсе 20дай адам жумуш менен камсыз болот.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жол башкармалыгынын асфальт-бетон заводунун эскилиги жетип, жолдорго асфальт төшөө, тротуар куруу жана жамап-жасоо иштеринде бир топ түйшүк жаралып келген.