Печать
Категория: Коом
Просмотров: 59

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 4-10-август күндөрү Дүйшөмбү шаарында болуп өттү.  

Министрлер Кабинетинен билдиришкендей, 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык, 2023-жылдын 4-августунан 10-августуна чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Тажикстанда болуп өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү,  — деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргызстандын аймагында болоору пландалууда.

Буга чейин тажик тарап кыргыз-тажик чек ара тилкелери боюнча 100 км ашык чек ара сызыгы демаркацияланганын билдирген болчу.