Печать
Категория: Коом
Просмотров: 178

Өздөрүн ИИМ кызматкерлери катары тааныштырып, узак убакыттан бери жарандардан опузалап акча талап кылып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Буга чейин аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин ("Пара талап кылуу") негизинде кылмыш иши козголгон. Бир нече жарандан түзүлгөн топ 8-августта кармалды. 

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 6 жарандан турган аталган жарандардын тобу өздөрүн "ички иштер органдарынын кызматкерлерибиз" деп тааныштырышып, бир жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана ошондой эле интернетке компроматтык мүнөздөгү видеолорду жайылтабыз деп шантаж кылып, 300 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган. 

2023-жылдын 8-августунда бул кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулар кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилген. Тинтүү учурунда алардын жанынан белгисиз тапанча, рация жана башка атайын жабдыктар табылып алынган.

Учурда КР УКМК тарабынан бул кылмыш ишинин шериктерин аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулду.

Ошол эле учурда ушул сыяктуу кылмыштын түрлөрүнөн жапа чеккен жарандарды КР УКМКнын (0312) 66-04-75 телефондоруна билдирип кайрылууну өтүнөбүз. Анонимдүүлүкө кепилдик берилет.