Ири суммадагы акча каражатын алып жаткан учурунда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү О.у.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, буга чейин атайын кызмат тарабынан КР Кылмыш-Жаза кодексинин 208-беренесинин 8-бөлүмүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында 8-августта Нарын облусунун 1984-жылы туулган тургуну О.у.Н. кармалды. Ал мурда үч жолу соттолгон, КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №31- мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөгөн. Акыркы алты ай бою шантаж жана күч колдонуп зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен жабырлануучудан дайыма акча каражатын алып турган.
Кармалган О.у.Н. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.