Печать
Категория: Коом
Просмотров: 261

Кыргызгидромит борбору эртең, 9-августка карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат берди. 

Ага таянсак, эртең түнкүсүн өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33 градус, Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29, Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27 градус ысык болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35 градус ысыйт.

Бишкек шаарында 9-августта түнкүсүн жана күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү түнкүсүн 18…20, күндүз 31…33 градуска жетет.