Печать
Категория: Коом
Просмотров: 344

Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, июль айында Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согди, Өзбекстандын Фергана облустарынын башчылары катышкан үч тараптуу жолугушуу өткөн.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты чек ара аймактарында тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу, ынтымакты бекемдеп, облустар аралык кызматташууну жакшыртуу болгон.

Маалыматта жолугушуулар чек ара аймактарында тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу, коңшу элдердин ынтымагын бекемдөөнү көздөй турганы айтылат.

"Учурда Өкмөттөр аралык комиссия чек араны тактоо жумуштарынын үстүндө активдүү иш алып барууда", - деп жазылган маалыматта. "Биринчи кезекте эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин аягына чыгуу", андан кийинки кезекте "чек араны ачуу маселесин этап-этап менен кароо, ар тараптуу байланыштарды чыңдоо маселелери турары" белгиленген.

Мунун алдында "Озоди" Дүйшөмбү менен Бишкек кыргыз-тажик чек арасын ачуу боюнча макулдашууга жетишкенин Тажикстандын Согд облусунун жетекчилигинин малыматына таянып жазып чыккан.

Анда жазылгандай, Согд облусунун администрациясынын башчысынын орун басары Даврон Зохидзода сүйлөшүү июль айында Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында болгонун, анда Тажикстандын Согд, Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Фергана облустарынын жетекчилери жолукканын белгилеген. Согд облусунун жетекчилигинин кабарлашынча, чек араны этап-этап менен ачуу каралууда. Тагыраагы, чек аралаш райондордун ишкерлери үчүн посттор ачылып, кийин жарандардын каттоосуна уруксат берилет.

Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тажикстандын Согд облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода жана Өзбекстандын Фергана облусунун губернатору Хайрулло Бозаров баштаган делегациялар Чолпон-Ата шаарында 19-июлда жолугушкан. Андан бир күн мурун алар Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Бишкекте кездешкен эле.

2021-жылы апрель-майдагы чек ара жаңжалынан кийин Кыргызстан тарап тактоо иштери бир жаңсыл болгонго чейин деген негизде Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Ошондон бери чек арада каттамдар, соода-сатык токтоп турат.