Печать
Категория: Коом
Просмотров: 76

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин бир мандаттуу Ленин округунун экс-депутаты Жаныбек Абировго кайра шайлоого катышууга каттоодон баш тартты. Бул боюнча чечим кечээ, 2-августта  Боршайкомдун мүчөлөрү тарабынан кабыл алынды. Андагы 9 катышуучу "каршы" болсо, үчөө "макул" добушун берди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Абиров аталган чечимге каршы сотко даттанса болорун айтты.

Аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкекте кафелердин бириндеги мушташ чырынан кийин мандатып тапшырган. Кийин БШКнын чечими менен 2023-жылдын 28-майында Ленин округунан кайра шайлоо өтүп, бирок, мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарылган.

Андан соң БШК кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген.

Жаныбек Абиров жаранга кол көтөрүп сабап салганы үчүн коомдун талкуусунда калып, өз каалоосу менен мандатын тапшырган болчу.