Печать
Категория: Коом
Просмотров: 810

Сары бала унутулуп баратат, 2020-жылдагы баш аламандыктан пайдаланып качып кеткен. Сапар Исаковдун Кыргыз мамлекетине тийгизген зыяны абдан көп. Тилекке каршы жеген акчаларын куспай жүрөт. Анын мойнунда ар бир кыргызстандыктын, жаңы төрөлгөн наристенин, бей - бечаранын, кедей - кембагалдын акысы бар. Бул элдин акысына кирген, кыргыздын ырыскысын уурдаган. 

Анын кылмыштарын бирден элдин эсине салып койгум келди. Сапар Исаков башында турган Кыргыз өкмөтү орусиялык  “РусГидро” ишканасы менен жогорку Нарын каскадын ГЭС курууга келишим түзөт. Ал үчүн компания Кыргыз өкмөтүнө 37 млн$ доллар берет. 

Аз өтпөй Сапар Исаков ишкана менен келишимди токтотуп, Чехиялык “Лигласс трейдинг” деген компания менен ГЭС курууга келишим түзгөн. Аты жыты жок “Лигласс трейдинг” алдамчылык экенин ошол кездеги журналисттер таап чыгат. 

Келишимде көрсөтүлгөн компаниянын дареги ээн калган үй экени аныкталган. Ошо менен Сапар Исаковдун афералык келишиминин бети ачылган. 

Эң кызыгы, “РусГидро” берген 37 миллион доллар дайыны жок уурдалган. Сапар Исаков жеп койгон 37 миллион доллар кыргыз элинин, ар бирибиздин мойнубузга карыз болуп кала берген.

Ири коррупциялык схемалардын башындагы уюштуруучу, элдин ырыскысын катып жүргөн Сапар Исаков учурда Россияда бекинип жүрөт. 

Анын дагы элге жооп берээр күнү алыс эместир...

(Макала соцтармактардан алынды)