Печать
Категория: Коом
Просмотров: 136

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Анда айтылгандай, 2-3-августта туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Сел каптоонун алдын алуу максатында үйлөрдүн жанындагы жана чарбактардагы арыктарды тазалоону ӨКМ эскертет.