Печать
Категория: Коом
Просмотров: 349

 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 12 болду. 

БШКнын маалыматына ылайык, талапкерлигин көрсөткөндөрдүн тизмеси төмөнкүдөй:

1. Эртай Искаков - "Япошка үчүн" коомдук бирикмесинин төрагасы
2. Алмаз уулу Аскар - "Эл Үмүтү" саясий партиясынын төрагасы
3. Эркин Булекбаев - "Жашылдар" партиясынын лидери
4. Роман Ремнёв - коомдук жана саясий ишмер
5. Турсунбай Бакир уулу - ЖКнын экс-депутаты
6. Куттубек Асылбеков - пенсионер
7. Назарбек Нышанов - дарыгер, хирург-онколог
8. Сулайман Мамаев - мамлекеттик кызматкер
9. Токтогул Какчекеев - пенсионер
10. Жаныбек Абиров - ЖКнын экс-депутаты, "Строй Ленд" компаниясынын директору
11. Русланбек Тагаев - убактылуу эч жерде иштебейт
12. Бакыт Шаршембиев - "Медутиль" ЖЧКсынын башкы директору

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 10-августунда аяктайт. Ал эми кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт.