Ысык-Көл облусунун Балбай айылында нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, унаа жолду суу каптады.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдагандай, 31-июль күнү кечинде Түп районундагы Балбай айылында унаа жолдо сел жүргөн. Суу каптоосунан автоунаалар өтө албай тыгын жаралган.
Учурда жерине облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тартылып, тыгынды жоюшту.