Печать
Категория: Коом
Просмотров: 291

- Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун мугалимдер өздөрү сабак берген предметтен экзамен берсин дегени колдоого ала турган демилгеби?

- Акылбек Жапаровдун койгон талабы туура, билимдин  сапаты - билим берүүнүн натыйжасынын ар кандай билим берүү мектептерде (окуучулардын, педагогдордун, ата-энелердин, бүтүндөй эле коомдун) күткөндөрүнө же алар алдыга койгон максаттары менен милдеттерине ылайык келиши керек.

Билим берүүнүн сапатына баа берүү окуучунун билим алуудагы жетишкендиктеринин негизинде билимдин сапатына алган баасына шайкеш келишин аныктоо  жүргүзүлсө эле, мугалимдин билим берүүдөгү иши ачыкка чыгат. Мектеп мугалиминин кандай окутуп жаткандыгы боюнча мектеп директору, завуч же райондук билим берүү мекемеси да кабар алып, сабактарга катышып турса, мугалим да жоопкерчиликти сезет болчу. Азыр мугалимдер кандай сабак берип жатат эч ким билбейт. Мугалим менен окуучу гана билет.