Печать
Категория: Коом
Просмотров: 550

- Ленин районундагы шайлоо добуш сатып алуулар орун алганы үчүн жокко чыгып, кайра шайлоо жарыяланды. Бу сапар Жаныбек Абиров да шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирди. Муштумунун айынан мандатын тапшырып, кайра ошол райондон шайлоого катышайын дегени туурабы?

- Кыргызстанда мушташпаган эркек жок, Абиров дагы ошолордун бири. Эгер ал урган баладан жана элден кечирим сурап, күнөөнү мойнуна алып, кетирген катачылыгы үчүн элге ак кызматын кылса көптөрү колдойт. Кээ бир тентек балдарды, айрыкча саясатка түшүнүп-түшүнбөй киришип,  элди алдап жүргөндөрдү көргөндө мен да сабагым келип жүрөт. Бирок Жаныбек Абировдун депутат болуп чоң муштумун пайдаланганы өтө күлкүлүү болгон. Эгерде ал акыйкат үчүн мушташса, балким эл түшүнөт болчу. Шайлоого катышса да колдомок. Азыр өзү ойлогондой эл колдоорун Кудай билет. Ошондой эле шайлоого аттанаардан мурун моралдык жоопкерчиликти дагы сезиши керек.