- Ленин районундагы шайлоо добуш сатып алуулар орун алганы үчүн жокко чыгып, кайра шайлоо жарыяланды. Бу сапар Жаныбек Абиров да шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирди. Муштумунун айынан мандатын тапшырып, кайра ошол райондон шайлоого катышайын дегени туурабы?
- Бул маселени мыйзамдык жактан, анан моралдык жактан карасак болот. Мыйзамдык жактан караганда дагы өзгөчө пикир жаралат. Себеби шайлоо кайсы адамдын айынан жарыяланды, ага ким себепкер болду эле деген да маселе бар. Жаныбек Абировдун айынан кайра шайлоо жарыяланбадыбы. Жаңылбасам, шайлоо кимдин айынан болсо, ошол адамдын катышканга укугу жок деген норма бар болсо керек эле. Экинчиси, моралдык жактан Абировго ошол округдан шайлоого катышканга жол берилбеши керек. Анткени мамлекеттик казынага ошол адамдын айынан зыян келип жатат да. Ошол себептен Абиров мандат маанилүүбү же моралдык жоопкерчилик маанилүүбү ойлонушу керек эле. Менин жеке пикиримде Абиров моралдык жагын эске алса, шайлоого катышпаганы туура болот деп ойлойм.
- "Шайлоого катышуумду эл суранып жатат" дегендей түшүндүрдү өзү...
- Эми эл суранып жатат, башкалар суранып жатат дегенди уюштуруп койсо болоорун жакшы билебиз да. Аны уюштуруп коюу оңой эле. Элди ойлосо ал мандатын тапшырбвйт эле. Жеке көз карашымда, Жаныбек Абиров моралдык жагын эске алып, шайлоого катышпаганы туура болот деп эсептейм.