Ысык-Көл облусунун үч тургуну «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлүгүнөн баш тартты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлүгүнөн баш тартуусу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Ушул жылдын 13-июлунда сот тарабынан тыюу салынган аталган ДЭУнун жактоочулары – Т.У.Т., С.С.Б., К.Т.К. жана Т.А.А., өзүлөрүнүн мурда тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды бул ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алдырбоого чакырышты.