Печать
Категория: Коом
Просмотров: 178

​​​​​​​

Президент Садыр Жапаров эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасына жазды.

"Президент Жапаров Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнү, анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды", - деди ал.

23 - июлда Чолпон-Ата шаарында баллон теплоходго урунуп, эки адам көз жумуп, бирөө жаракат алганы белгилүү болгон.