"Ай Кью" жеке менчик мектеби боюнча териштирүүлөр уланып жатканын Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева маалымат жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде комиссия түзүлүп, Токмок шаарындагы аталган окутуу мекемесине барган. Анда комиссиянын өкүлдөрү "Исито" деген жазууну көрүшкөн, ал эми "Ай Кью" деген аталыш болгон эмес.
"Исито колледжинин директору имаратты көрсөтүп, анан бизди "Ай Кью" мектебинин директору Мадина Кубаева менен телефон аркылуу байланыштырды. Биз бир күн белгилеп, бардык керектүү документтерди берүүнү сурандык. Ал эми бир күн мурун Кубаева ата-энелердин көзүнчө баарын көрсөтүүгө убада берген", - деди ал.
Кечээ, 24-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев аттестат берүү талабы менен келген "Ай Кью" жеке менчик мектебинин окуучуларнын ата-энелери менен жолугушуп, аттестат соодалашуу жолу менен эмес мыйзамда белгиленген тартипте гана берилерин айткан.