Печать
Категория: Коом
Просмотров: 140

​​​​​​​

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жасалма чечимдери менен жер тилкелерин мыйзамсыз берүү жана айыл чарба багытындагы жерлерге трансформациялоосуз жеке турак жай куруу үчүн шаар куруу жана укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында болду. 

 

Аталган факты боюнча 2023-жылдын 21-июлунда жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын директору М.Ж.И., “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын жерге жайгаштыруу боюнча адиси М.Р.А., Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн адиси Т.Б.А. жана Ноокен айыл аймагынын мурдагы башчысы Э.Ж.Н. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

 

Азыркы учурда бул мыйзамсыз аракеттерди жасоого башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.