Печать
Категория: Коом
Просмотров: 283

Кыргызстанда мындан ары уюшкан кылмыштуу топтор болбойт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин биринчи жарым жылдыкта аткарган иштери боюнча жыйында билдирди. 

Ал укук коргоо органдары учурда уюшкан кылмыштуу топтор, рэкеттер жана бизнести тартып алууну көздөгөндөр менен күчөтүлгөн күрөш жүргүзүп жатканын белгиледи. 

"Уюшкан кылмыштуу топтор толугу менен жоюлат. Менин сөзүмдү бир гана жөнөкөй жарандар эмес, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү, бандиттер да угуп отурушса керек. Президентибиздин биздин алдыбызга койгон негизги тапшырмасы - Кыргызстанда эч кандай уюшкан кылмыштуу топтор болбошу керек. Мындай топтордун башчылары, Кыргызстанда тынч жашай албасаңар чыгып кеткиле! Чыкпагандар жазаланат, эркиндикте жүрбөйт. Муну мен жоопкерчиликтүү түрдө айта алам", - деди Ташиев.