21-июлдан 23-июлга чейин Бишкекте канализациялык коллекторду реконструкциялоого байланыштуу Чүй - Фучик кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү каттамдардын схемалары жарым-жартылай өзгөртүлөт:
- 2, 10 маршруттар "Фрунзе заводунун" акыркы аялдамасынан эки тарапка Москва көчөсү менен жүрөт, андан ары маршрут боюнча.
- 14-маршрут Д.Сяопин проспектисинен Интергельпо - Московская - Бейшеналиева - Чүй көчөлөрү менен кетет жана андан ары машрут боюнча.